Айрым ишкерлер ВСП+ системасы аркылуу өндүрүлгөн продукцияларын Европага чейин жеткирип, натыйжасы жакшы экенине көзү жетип жатат. Алардын бири мекендешибиз Уран Ниязалиев.
Уран Ниязалиев жалпы 10 чакты өлкөгө айыл-чарба азыктарын ташып эмгектенет. Ишкер 8 жыл мурун 5 гектар жерди иштетип баштаса, быйылкы жылга 100 гектардан ашык аянтка айыл-чарба азыктарын жаткырган. Экспортчу ишкер Европа өлкөлөрүнө дагы азыктын түрүн ташып, ал тарапка кандай чыгуунун жана кандай азыктарга суроо талап жогору экендигин өздөштүргөн. Бул жылы Европа эли сүйгөн чечевица өсүмдүгүн 80 гектарга айдаган.
Ишкердин айтымында, Европалыктар өлкөсүнө кирген азыктын сапатына гана эмес даярдалышына да маани берет экен. Мисалы, товарды камдоо учурунда жаш балдардын эмгеги колдонулган жокпу, экология бузулган эмеспи, ишкана ичи тазабы же кандай шартта жасалат жана башка ушул өңдүү талаптар аткарылышы керек. Эң башкысы сертификат талап кылынат.
Европага кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон Кыргызстан акырындык менен товар жүгүртүүдө. Бирок адистердин пикиринде, миллиондогон кардардан турган Европа биримдигинин рыногуна Кыргызстандан аз гана өлчөмдөгү продукция чыгып жатат.
Европа Кыргызстанга эшигин ачканына алты айдын жүзү болсо да, өлкөдөгү товарларды Европа Биримдигинин стандарттарына шайкеш келтирүү, сертификациялоо жана лабораторияларды куруу кечеңдеп жатканы айтылууда.
Европага бажы төлөмсүз товар ташуу жеңилдигин 16 мамлекет алган. Анын арасында биздин өлкө дагы бар. Адистер мамлекет тарабынан түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл деп белгилейт.