Жаңылыктар
Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди
Саясат
Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий иш сапары менен келди

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Президенттин расмий сайтына жарыяланды. Кечээ кечинде “Манас” эл аралык аэропортунда Президент Алмазбек Атамбаев менен Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркелдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.

Бүгүн, расмий сапардын алкагында Президент Алмазбек Атамбаев менен федералдык канцлер Ангела Меркелдин сүйлөшүүлөрү болот. Лидерлер Кыргызстан менен Германия ортосундагы кызматташтыктын абалына жана аны мындан ары тереңдетүүгө  байланыштуу кең чөйрөдөгү маселелерди талкуулашат, ошондой эле эл аралык жана регионалдык маанидеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу жүрөт.

Ангела Меркелдин расмий сапарына  байланыштуу 14-июль күнү Бишкектин бир катар көчөлөрүндөгү автокыймылга чектөө киргизилет.

Эртең мененки саат 8:45тен 9:15ке чейин, Абдрахманов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин жабык болот. Чүй проспектиси Шопоков көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейин жана Манас проспектисинин Рыскулов көчөсүнөн мамлекеттик резиденцияга чейинки аралыктарына убактылуу чектөө киргизилет. 

Ошондой эле, түштөн кийинки саат 15:00-15:30га чейин Манас проспектисинин мамлекеттик резиденциядан Жибек жолу көчөсүнө чейинки аралыгы, Жибек Жолу көчөсүндө болсо Исановдон Фучик көчөсүнө чейинки узундугу жана аэропортко чейин кеткен жол айдоочулар үчүн убактылуу жабык болуп турат. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.