Жаңылыктар
Гүлжигит Алыкулов жолдоштук беттеште эки голдун автору болду
Спорт
Гүлжигит Алыкулов жолдоштук беттеште эки голдун автору болду

Алматылык "Кайрат" Түркиядагы окуу-машыгуу жыйындарынын акыркы жолдоштук беттешинде Волгограддын "Ротор" командасы менен ойноду.

Алматылыктардын машыктыруучусу Алексей Шпилевский төмөнкү курамды чыгарган: Устименко, Кейлер, Поляков, Широбоков, Астанов, Буранчиев, Үсөнов, Абдулла, Алыкулов, Шушеначев, Эсеола.

Биринчи тайм толугу менен “Кайраттын”көзөмөлүндө өттү. Кыргызстан курама командасынын футболчусу Гүлжигит Алыкулов 2 голдун автору болгонго жетишип, дагы бир голду Артур Шушеначев киргизди - 3: 0.

Тыныгуудан кийин Арсен Буранчиевдин голу менен  4: 1 –эсебинде Казакстандын чемпиону жеңүүчү аталды.

19 оюндан кийин "Ротор"командасы РПЛдин турнирдик таблицасында 13-орунду ээлейт.

 "Кайраттын" кийинки беттеши 3-мартта Казакстандын Суперкубогунун алкагында костанайлык "Тобол" командасына каршы болот.