Жаңылыктар
Криштиану Роналду ХХI кылымда 1000ден ашуун беттеш өткөргөн жалгыз футболчу
Спорт
 Криштиану Роналду ХХI кылымда 1000ден ашуун беттеш өткөргөн жалгыз футболчу

"Ювентустун" чабуулчусу Криштиану Роналду 1047 жолу футбол талаасына чыккан дүйнөдөгү жалгыз футболчу. Бул тууралуу эл аралык футбол тарыхы жана статистика (IFFHS) федерациясы тизме чыгарды.

Аталган тизменин сап башына Криштиану Роналду жайгашкан. Ал ХХI кылымда 1000ден ашуун беттешке катышкан.

Экинчиге “Реал Мадриддин” мурдагы дарбазачысы Икер Касильяс (974), үчүнчү “Сан-Паулунун” коргоочусу Дани Алвес (969). Ал эми "Барселонанын" чабуулчусу Лионель Месси 902 беттеш менен рейтингде сегизинчи орунга жайгашкан.