Бишкектеги №70 мектеп 2 жумага карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин эки окуучусунан жана эки мугалиминен коронавирус инфекциясы аныкталган. Бул пандемия башталгандан тарта борбор калаада иштеп жаткан мектептерден карантинге жабылган биринчи учур.