Жаңылыктар
Көчмөндөр оюнунун расмий сайты ачылды
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюнунун расмий сайты ачылды

www.worldnomadgames.com интернеттен бул даректи терсеңиз Көчмөндөр оюунун расмий сайтына киресиз. Оюнду өткөрүү катчылыгы 1-июлдан тарта ушул интернет баракчаны ишке киргизди. Сайтта дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна байланыштуу бардык маалыматтар камтылган.

Көчмөндөр оюнунун расмий сайтынын жасалгасы башкалардан обочолонуп турат. Бирок андагы өңдөр барына маалым. Сайт оюндун эн белгисиндеги кызыл, жашыл-көгүлтүр жана сары түстөр менен кооздолгон. Бул баракчадан кыргыз, орус жана англис тилиндеги маалыматтарды тапса болот. 

Сайттын негизги бетинен каалаган блокко, тагыраак айтканда, оюн боюнча жаңылыктар, маалымат баннерлери, спорт түрлөрүнүн сүрөттөрүн жана видеолорун жана демөөрчүлөр менен өнөктөштөрдүн дагы блогу бар. Мындан тышкары оюндун программасы, андагы мелдештердин жыйынтыктары ыкчам чыгып турат. 

Негизи сайтты иштеп чыгуу боюнча сүйлөшүү февралда эле башталган. Апрелде сөздөн ишке өтүп, интернет баракчанын техникалык жагы иштеле баштаган. Анан да сайтты негиздөөдө мамлекеттик бюджеттен бир да акча кеткен жок. Демөөрчүлөрдүн колдоосу менен түптөлдү.

Уюштуруучулардын айтымында, бул жолку оюн мурдагы жылкыдан өзгөчөлөнөт. Ачылыш жана жабылыш аземинде 3D форматындагы шоу програмамалар көрсөтүлөт. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118