Жаңылыктар
Индияда бооруна операция жасалган Наристе Уланованын абалы туруктуу
Ден соолук
Индияда бооруна операция жасалган Наристе Уланованын абалы туруктуу

Индия өлкөсүндө бооруна операция жасалган Наристе Улановага өзүнүн атасы донор болуп, боорунун 25 пайызын кызына берген. Наристе Уланованын атасы Улан Муратовдун айтымында кызы 3,200 болуп  төрөлгөн. Эки айдан кийин кызынын денесин сары өң басып боору ооруганын жергиликтүү дарыгерлер  аныкташат. Ошентип Наристеге Кыргызстандан бооруна  операция жасалып, бирок  ийгиликсиз өткөн.

Массалык маалымат каражттарынын жардамы  менен,  Бишкекте Индиялык “Аполло” клиникасынын өкүлдөрүнө кайрылып консультация алышат.Кичинекей Наристенин өмүрүн сактап калууга мүмкүндүк бар экенине ынанган ата –эне банктан атйын эсеп ачып 50 миң акш долларын чогултуп Индия мамлекетинде  операция жасатат.

Индиялык “Аполло” клиникасынын хирургу Гоутам Кумардын айтымында  8 айлык Наристе Индияга өтө оор абалда барган. Наристенин диагнозун эрте билгенде балким хирургиялык жол менен эмес жөн гана дарылоого аракет кылмакпыз деген.

Операциядан кийин Наристе ата-энеси менен  Индиянын “Аполло”  клиникадасында 35 күн дарыланды. Учурда абалы кыздын дагы, атасынын дагы абалы  жакшы, калган көзөмөлдү жергиликтүү дарыгерлер жүргүзөт. “Аполло” клиникасынын өкүлчүлүгу Кыргызстанда бар. Ушундай оору менен жабыркаган жарандарга интернет аркылуу онлайн консультацияларды беришет. Ал эми кайрылууну көздөгөндөр социалдык тармактар “Аполло” клиникасын издешсе болот.