UFCнин эң жеңил салмак категориясынын чемпиону кыргызстандык Валентина Шевченко титулду сактап калуу үчүн кезектеги беттешин өткөрөт.
Мушкер 24-апрелде Американын Лас-Вегас шаарында UFC 261 турниринин алкагында бразилиялык Жессика Андрадеге каршы чыгат.
Бразилиялык Андраде 2019-жылдын 11-майында Роуз Намаюнасты утуп, минималдуу жеңил салмактагы чемпиондук курду жеңип алган. Бирок кийинки беттешинде кытайлык Вэйли Жангдан жеңилүүгө дуушар болгон.
Ал эми 18-октябрда Андраде Абу-Даби шаарындагы турнирде Шевченконун салмак категориясында дебют жасап, Кетлин Чукагянды нокаут менен жеңип алган.
Валентина Шевченко 2020-жылдын 21-ноябрнда Женифер Майаны утуп, чемпиондук титулун 4-жолу коргоп калган.