Жаңылыктар
Жасалма паспорттор “Кара тизме” чыккандан бери көп каттала баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Жасалма паспорттор “Кара тизме” чыккандан бери  көп каттала баштады

Жыл башынан  бери чет өлкөгө  жасалма  паспорт  менен  өтүү  аракетин  жасаган   90 учур   катталды.  Эки  күндөн  бери  чек арадан  башка  бирөөнүн  документи менен   өтүп жаткан  2 кыргыз   жараны  чек арачылар тарабынан кармалып, тиешелүү  структураларга  өткөрүлүп   берилди.  Адистер,  жарандар  дагы  деле  жасалма  документ  менен  өтсө болот деген  түшүнүктөн   арылбай  жаткандыгын айтууда. 

Ошол эле учурда укук коргоо органдары  мындай  мыйзамсыз  аракеттер  үчүн  кылмыш жоопкерчилиги  бар экендигин эскертишет.  12-июль  күнү  Стамбулга   башка  паспорт  менен  учууга  аракет жасаган  27 жаштагы  кыргыз  жараны кармалды. Көп өтпөй   эле  дал ушундай   факты  “Ак-Жол” көзөмөл-өткөрүү жайында катталды.  Бул  жолу  да  28 жаштагы кыргыз жараны   башка  адамга таандык  паспорт менен  Казакстанга  өтүүгө аракет  жасаган.  Чек ара кызматынын  маалыматтары  боюнча 2015-жылы  жасалма  документ  менен кармалган   141 , ал эми  2016-жылдын 6  айында  90 учур белгилүу болду.

Жасалма документтер  маселеси  “Кара тизме”  чыккандан бери  көп катталып жатат.  Азыркы учурда   Орусия менен Казакстандын чеке арасында кармалып  Оренбург, Соль-Илецк аймактарында  Кыргызстандын  бир  нече  жараны   убактылуу жайларда отургандыгы тууралуу   маалыматтар бар экендигин  “Замандаш” ассоциациясынын  өкүлү Азамат  Айтбаев  белгилейт.

Ички иштер министрлигинин  буга чейин берген  маалыматтарында ,  2012-жылдан 2014-жылга чейин чет мамлекеттерден депортацияланып келген 6 миңден  ашык  кыргызстандыкка мыйзамсыз паспорт берилген .Бүгүнкү  күндө да   чет   жерлерде иштеп жүргөн   эмгек мигранттары  “Кара тизменин “ кесепетинен  бир туугандарынын   документин алып же дагы башка ыңгайлуу жолун таап   жасалма документтер  менен  башка өлкөгө  чыгуу аракетин көрүп жаткандыгын  Мамлекеттик  каттоо кызматынын   маалымат кызматкери  Мелис Эржигитов айтат.

Жашы 18ге  толо  элек  өспүрүм  балдардын  өлкө аймагынан  чыгуу  эрежелери бар.  Өлкөдөн  балдар, алардын жакындарынын  нотариус  бышыктаган өтунүчүнүн негизинде гана чыга алат.  Бул багытта   кенен  маалыматты  жарандар   чек ара кызматынын сайтынан, ишеним телефондорунан жана көзөмөл өткөрүу жайларынан  алууга болот . Кылмыш жаза кодексинде мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү  аракеттери   үчүн  айып  салынып, 3 жылга чеийнки эркинен ажыратуу  белгиленгендигин эске сала кетели.

                                              

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118