Жаңылыктар
Сирия: ачарчылыктан азап чеккендер
Дүйнө
Сирия: ачарчылыктан азап чеккендер

Сирияда ачарчылыктан көз жумгандардын саны күн санап өсүүдө. Ачарчылык запкысын Мадайя, Дейр аз-Зор калааларында жана ага жакын аймактардын тургундары тартууда. Мадайя шаары канча бир айдан бери сириялык аскерлердин көзөмөлүндө. Мунун натыйжасында, 40 миңден ашык шаар тургундарына жашоо шартка керектүү азык-түлүктөр жетишпей, дары-дармектен тартыштык болууда. Алардын бары сырттан келет.

Бирок, Дамасктагы бийлик жетекчилери шаарда ачарчылык болуп жатканын танып, ал жерден тартылып алынган сүрөттөрдү жасалма деп чыккан. Мадайя шаарында чындап эле абал оор экенин Бириккен улуттар уюму өткөн аптада айтып чыккан. 

Жекшемби күнү өлкө чыгышында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу 400 жайкын тургунду барымтага алганы да айтылууда. БУУнун эсебинде курчоодо калган аймактарда 400 миңге жакын сириялык жарандардын абалы өтө оор деп айтылууда.