Жаңылыктар
Канцлердин расмий сапары - өлкөлөр ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрөт
Саясат
Канцлердин расмий сапары - өлкөлөр ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрөт

Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий иш-сапары аяктоодо. Бүгүн иш-сапардын алкагында канцлер Ангела Меркель Президент Алмазбек Атамабаев менен алгач тар чөйрөдө жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, эки өлкөнүн ортосундагы саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча пикир алышты. 

Мамлекет башчы Германиядан келген делегацияны жылуу кабыл алып, Федералдык канцлердин Кыргызстанга болгон сапары - эки өлкөнүн ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрөөрүнө ишене тургандыгын билдирди. 

Ангела Меркель өз кезегинде Президент Алмазбек Атамбаевге жылуу кабыл алганы үчүн ыраазычылыгын билдирип, жогорку деңгээлдеги мындай тыгыз байланыш эки тараптын мындан аркы алакалары бекемделип, тамыр алышын күбөлөндүрүп турат деди.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118