Жаңылыктар
“Мекендештер-2016” дүйнөлүк форуму Ош шаарында өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
“Мекендештер-2016” дүйнөлүк форуму Ош шаарында өтөт

1-2-август күндөрү Ош шаарында “Мекендештер-2016” - деп аталган үчүнчү дүйнөлүк форум өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, бул жолку иш-чарага дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн диаспоралар, бизнес-бирикмелердин, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнөн турган 400 коноктун келээри күтүлүүдө. 

Форумду “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду, “Замандаш” ассоциациясы жана Ош мамлекеттик университети биргеликте уюштуруп жатат. Форумдун башкы максаты - чет жактарда жүргөн мекендештерибиздин ичинен чыккан кубаттуу инвесторлордун көнүлүн кичи мекене буруу. 

Мындан сырткары, иш-чаранын алкагында мамлекеттин ЕАЭБке, ШККУга мүчө экендигин дүйнө элдерине таанытуу, Кыргызстандын тарыхый жана табигый байлыктарын эске алуу менен ишкердик демилгелерди активдештирүү болуп жатат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118