Жаңылыктар
Стратегиялык өнөктөштүктүн жолунда - Президенттин Россияга болгон иш сапары
Саясат
Стратегиялык өнөктөштүктүн жолунда - Президенттин Россияга болгон иш сапары

Президент чет мамлекетке болгон алгачкы иш сапары менен Москвага 24-февралда учуп кеткен. Иш күнү өнөктөш өлкөнүн башчысы Владимир Путин менен жолугушуудан башталды.

Лидерлер эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, өз ара кызыкчылыктагы бардык маселелер боюнча биргелешип аракеттешүүнүн келечегин талкуулашты. Садыр Жапаров Россия менен стратегиялык өнөктөштүктү жана союздаштык мамилелерди чыңдоону улантууга даяр экендигин билдирди. Орусия президенти өз кезегинде эки мамлекет достук гана эмес, союздук мамиле түзө алганына токтолду.