Жаңылыктар
Канцлердин расмий сапары - өлкөлөр ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрөт
Саясат
Канцлердин расмий сапары - өлкөлөр ортосундагы алаканы жаңы деңгээлге көтөрөт

Өлкө тарыхында биринчи жолу Германиянын Федералдык канцлери Ангела Меркель Бишкеке расмий иш-сапары менен келди. Ал президент Алмазбек Атамбаев менен эки өлкө ортосундагы кеңири кызматташтык боюнча бир катар маселелерди талкуулашты. 

Саясаттан тартып социалдык-экономикалык, маданий-гуманитардык, аймактык коопсуздук жана диний радикализм боюнча актуалдуу маселелер көтөрүлдү. Бул жолку сапар Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 25 жылдыгынын учурунда өтүп жатканы менен өзгөчө мааниге ээ болду. 

Меркелдин учагы Манас аэропортуна түнкү саат 12ге жакын келип конду. Германия канцлерин президент Алмазбек Атамбаев бир кучак гүл менен өзү тосуп алды. 

Германия делегациясы Бишкеке келип түшкөндөн көп өтпөй интернетке чыкты. Кызматкерлери анда канцлердин учагында болуп жаткан көрүнүштөрдү, аэропорттон мейманканага кеткенге чейинки окуяларды сүрөттөшкөн. 

Нан менен туздун ордуна - Ангела Меркелдин алдына боорсок тартууланды. Адатта жогорку даражалуу коноктор мына ушинтип тосулат. 

Даам ооз тийген соң жетекчилер аэропорттун расмий жолугушуу залына өтүштү. Айтмакчы Атамбаев менен Меркель немисче учурашканы менен, андан аркы сөздөрүнүн бардыгы орусча жүрдү. Меркель окуучулук кезинде Германияда орус мектебинен билим алып, орусчаны жакшы билет. 

Аба майданында мамлекеттик расмий иш-сапардын бардык салтанаттуу аземдери аткарылды. Алдын ала илинген Кыргызстан менен Германиянын мамлекеттик туулары желбиреп, Ардактуу күзөт тизилип, эки өлкөнүн гимндери ойнолду. 

Ардактуу күзөттүн саламдашуусунан кийин Президент Ангела Меркелди кыргыз тараптын делегациясы менен тааныштырды. Бул эрежени андан соң Меркел да аткарды. 

Эки тараптуу кызматташтыктын негизги этабы болуп президент Алмазбек Атамбаевдин буга чейин 2012 жана 2015-жылы Берлинге жасаган эки расмий иш-сапары болуп эсептелет. Мындан сырткары эки өлкөнүн жетекчилери эл аралык саммиттерде же форумдарда да кездешип жүрүшөт. Андыктан тараптардын ортосундагы жылуу мамиле менен бекем кызматташтык алакасы буга чейин эле түзүлгөн. 

Бишкек Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркелди мына ушинтип ысык саламы жана кубанычы менен тосуп алды. Бул Германия жетекчилеринин Кыргызстанга болгон жогорку деңгээлдеги экинчи жолку сапары. Буга чейин, тактап айтканда 1998-жылы өлкөнун тарахында биринчи жолу Кыргызстанга иш-сапары менен Германиянын Федералдык президенти келген. 

Алмазбек Атамбаев менен Ангела Меркел эртен менен “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жолугушту. Алгач эстеликке сүрөткө түшүштү. 

Андан соң тар чөйрөдө жолугушуу. Саламдашуу сөздөрүнөн кийин жыйын жабык эшик артында уланды. Өлкө жетекчилери анда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүү, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча пикир алышты. 

Эки тараптуу жолугушуудан соң Меркель менен Алмазбек Атамбаев сүйлөшүүлөрдүн жыйнытыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп беришти. Өлкө башчы бул жолугушуларды мурдагы иш-сапарлардын уландысы деп сыпаттады. 

Андан ары Алмазбек Атамбаев аймактагы коопсуздук, диний радикализм жана терроризм тууралуу сөз болгонун айтты. Буга катар эле Кыргызстандын Евробиримдик менен кызматташуусу мүмкүнбү деген суроону узатышты. 

Журналисттер өлкө жетекчилеринен милициянын өлүмүнө айыпталып өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаров тууралуу да сурашты. 

Эки тараптуу кызматташтык активдешип жатканы менен азырынча экономика жаатында жетишерлик ийгиликтер жок. Бул абалды жакын арада жөнгө салуу маселеси да көтөрулгөн. 

Маалымат жыйында диний маселелер да бир нече ирет көтөрүлдү. Журналисттер президент Алмазбек Атамбаевден кечээ Бишкектин көчөлөрүнө илинген “Кайран элим, кайда баратабыз” деген жарнактар тууралуу пикирин сурашты.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118