Жаңылыктар
ДССУ: коронавируска каршы эмдөөгө ылайык, дүйнө калкынын 10 пайызга жакыны ооруга туруштук берет
Дүйнө
ДССУ: коронавируска каршы эмдөөгө ылайык, дүйнө калкынын 10 пайызга жакыны ооруга туруштук берет

Коронавируска каршы эмдөөгө ылайык, дүйнө калкынын 10 пайызга жакыны антителага ээ болуп калды. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы илимий кызматкери Сумия Сваминатан билдирди. 

Ошондой эле ал Твиттердеги маегинде ДССУ айрым шаарлардагы оорунун жугуусу боюнча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатканын, ага ылайык, тургундардын жарымында ооруга туруштук берүүчү заттар пайда болгонун белгиледи. Бирок бул калктуу пунктардын жамааттык иммунитетке жеткенинен кабар бербейт дейт Сваминатан.

Окумуштуунун белгилөөсүндө антителага ээ болбой туруп башка аймактарга чыккан жарандар үчүн коронавирус кооптуу.