Жаңылыктар
Швейцарияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр бүгүндөн тартып жумшарды
Дүйнө
Швейцарияда коронавируска байланыштуу чектөөлөр бүгүндөн тартып жумшарды

1-марттан тарта Швейцарияда бардык дүкөндөр, китепкана, музей, зоопарктар иштей баштайт. Ачык абада он беш адамга чейин чогулууга уруксат берилди. 

Бирок, 16 жаштан жогоркуларга спорттук, маданий иш-чараларга катышууга тыюу алынды. Ресторандар кеминде 22-мартка чейин жабык болот. Ошондой эле адамдар бардык жерде 1,5 метрлик аралыкты сактоого тийиш. Буга чейин 18-январдан тартып күнүмдүк керектүү товарларды саткан дүкөндөрдүн ишине уруксат берилген. Айрым дүкөндөр тапшырык менен гана иштешти. Чектөөлөрдү жумшартуунун кийинки этабы 22-мартка каралган. Ал тууралуу өкмөт 19-мартта маалымдайт. 

Анда жабык жерлерде спорт мелдештерин өткөрүүгө уруксат берилери, ресторандардын сырттагы террасалары ишке кирери күтүлүүдө. Эпидемиологиялык кырдаал жакшы болсо ресторандардын толук кандуу иштөөсүнө уруксат берилиши да ыктымал. Швейцарияда коронавирустун күчөгөн маалы 2020-жылдын июнь айына барат, ноябрда өлкөдө оору жуктургандардын саны суткасына 10 миң кишиден ашкан. 1-мартка карата 554 миң 932 адамга коронавирус жугуп, 507 миң 856 адам айыкты. 9 миң 966 адам оорудан каза тапкан.