Жаңылыктар
Кыргыз балбандары эл аралык турнирден 13 медаль жеңип алышты
Спорт
Кыргыз балбандары эл аралык турнирден 13 медаль жеңип алышты

26-28-февраль күндөрү Украинанын Киев шаарында украиналык көрүнүктүү балбандардын жана машыктыруучулардын элесине арналган күрөш боюнча XXIV Эл аралык турнир болуп өттү.

Аталган мелдешке Кыргызстандан жалпы 34 балбан катышты.

Турнирден алтын медалды 62 кг салмакта Айсулуу Тыныбекова, 68 кг салмак ченинде Мээрим Жуманазарова жана 97 кг салмакта Үзүр Жусупбеков жеңип алды.

Ал эми күмүш медалды 60 кг салмакта Жоламан Шаршенбеков, 65 килограмм да Эрназар Акматалиев, 59 кг салмакта Назира Марсбек кызы жана 76 кг салмак ченинде Айпери Медет кызы тагынды.Мелдештен коло медалга 57 кг салмакта Бекболот Мырзаназар уулу, 61 кг салмак ченинде Икромжон Хаджимурадов, 65 килограммда Алибек Осмонов, 67 кг салмакта Амантур Исмаилов, 70 кг салмакта Исламбек Орозбеков жана 86 кг салмак ченинде Нуртилек Карыпбаев ээ болду.Белгилей кетсек, 29-30-январь күндөрү эркин күрөш боюнча өлкө биринчилиги өткөн. Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбандар 17-18-февралда Кыргызстан чемпионатында күрөшүшкөн.