Жаңылыктар
Германия Кыргызстандын Европадагы негизги экономикалык өнөктөшү
Экономика
Германия Кыргызстандын Европадагы негизги экономикалык өнөктөшү

Бүгүнкү күндө эки өлкө ортосунда товар айлантуунун көлөмү 200 миллион долларды чапчыйт. Мындан улам эксперттер экономикалык алаканы мындан ары бекемдөөгө чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин айтышууда.

Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдардан тарта эле Германия менен болгон алака өнүгүү жолуна түшкөн. Кызматташуулар саясий чөйрөдө, экономикада жана саламаттык сактоо тармагында басымдуулук кылат.

Евробиримдик тарабынан жалпы преференциялык түзүм программасына Кыргызстандын кириши менен экономикалык катыш өсөт дешет эксперттер. Анткени бул программа аркылуу ата мекендик өндүрүүчүлөр товарларын европага анын ичинде ушул эле Германияга бажы төлөмдөрүсүз чыгара алат. Эки өлкөнүн ишкерлерин тил табыштырып коюу туурасында эки мамлекеттин башчысы былтыркы жолугууда да сүйлөшкөн болчу. 

Евробиримдикке кирген өлкөлөрдүн ичинен Германия Кыргызстандын экономикалык жактан негизги өнөктөшү. Товар айлантуунун көлөмү 200 млн доллар. Бирок бул чек эмес. Учурда Кыргызстандын аймагында 160 ишкана ийгиликтүү иштеп жатат. Алардын баарын экспортко чыга алат. 

Аны менен Кыргызстандын Германиядан үйрөнө турчу жактары көп. Маселен социалдык экономикалык реформалары. Белгилей кетсек 46-жылдан бери биринчи жолу Германия өлкө бюджетин дефицити жок кылып дал ушул Ангела Меркелдин башкаруусунда бекитти. 

Жалпылап айтканда эки мамлекет ортосундагы саясий диалог оң жолго коюлган. Анын аркасында кызматташуунун баардык тараптары боюнча сүйлөшүүлөр ийгиликтүү жүрүп келет. 

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118