Жаңылыктар
Улуттук баалуулуктарды жайылтуу
Маданият
Улуттук баалуулуктарды жайылтуу

Бишкекте тарых жана маданият жылына карата дагы бир саамалык өтүп жатат. Ордо калаада “Кыргыз айылы” аттуу экинчи салттуу маданий кербен көчү уюшулду. Иш-чаранын максаты кыргыз элинин каада-салтын, үрп-адатын, салтуу билимдерди жана улуттук баалуулуктарды калаа тургундарына жеткиликтүү кылып берүү болуп жатат. 

Бул ирет кербен көчү “Ата Түрк” паркында өтүп, анда боз үй тигүү тууралуу жалпы маалымат айтылды. Улуттук аспаптарда ойногон өнөр адамдары күүлөрдүн баянын ачып берип, байыртан келе жаткан салттуу маданияттын көп түрү боюнча түшүндүрмө беришти. 

Уюштуруучулардын айтымында, өзгөчө өсүп келе жаткан шаардык жаш муунга руханий байлыкты бекемдөө менен бирге мекенчилдик сезимди ойготуу аракеттери көрүлүүдө.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118