Жаңылыктар
Жогорку окуу жайлардагы билим деңгээлинин сапаты жетекчиге көз каранды
Билим
Жогорку окуу жайлардагы билим деңгээлинин сапаты жетекчиге көз каранды

Өлкөдөгү  жогорку окуу жайлардагы билим деңгээлинин сапатынын начарлашы да жакшы болушу да жетекчиге көз каранды. Андыктан   Кыргызстандагы жогорку окуу жайларындагы ректорлорду шайлоо таза жана акыйкат жүрсө, тажрыйбалуу адистердин келиши шарт. Бирок бүгүнкү күндө, Жогорку окуу жайлардагы окутуучуларынын тааныш билиштик  мамилелери  орун алып, окуу жайларда чыныгы реформаны жүргүзө турган ректорлор келбей жатат дешет адистер. Ошондуктан ректорлорду шайлоо керекпи же  бийик өкүлдөрү өзүлөрү  дайындаганы туурабы? 

Кыргызстан демократиялуу өлкө болгондон кийин  Жогорку окуу жайлардагы ректорлорду  шайлоо башка чет өлкөлөр сыяктуу эркин өтүү багыттын көздөйт.  Жогорку окуу жайдын ректорунун мөөнөтү аяктагандан тартып 5 календардык  күндөн кечиктирилбестен Жогорку окуу жайдын  окумуштуулар кеңеши түзүлөт. Бир ай аралыгында  ректорлука талапкер болгондор өзүнүн кандидатурасын көрсөтүшөт. Андан соң жогорку окуу жайдын окутуучулары,  талапка жооп берген ректорун өзүлөрү шайлашат  дейт Билим берүү министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов.

Бирок Жогорку окуу жайлардагы  ректорлорду шайлоо процесси  окутуучулардын  арасында ич ара  бөлүнүп  жарынууга алып келүүдө. Жана ар бир талапкердин жактоочулары өз ара уюшуп, коллективдин арасында ынтымак кетип, жаштарга  сапаттуу билим берүүгө көңүл бөлүнбөй калды. Ошондуктан Жогорку окуу жайлардагы ректорлорун шайлоонун башка ыкмасын ойлоп чыгуу зарыл дейт филология илимдеринин кандидаты  Гулбара Орозова.

Ал эми саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробековдун айтымында  бүгүнкү күндө жогорку окуу жайга, тыкыр көз салып билимдин сапаттын көтөргөн жетекчилер аз.  Совет доорунда жогорку окуу жайларды жетектеген  ректорлордой кадрларды  табуу кыйын. Ошол мезгилдерде Улуттук Университеттин жетектеген Кайып Оторбаев, Усен  Асанов сыяктуу академиктер кыргыз интеллегенциясына салым кошкондор. Ал гана эмес бул адамдар, Кыргыз Республикасынын тарыхында өзгөчө орунду ээлеген көрүнүктүү инсандар болгон дейт саясий илимдеринин доктору Жолборс Жоробеков.

Ошондой эле Жолборс Жоробековдун айтымында мамлекеттик Жогорку окуу жайдын ректорлорун, мамлекет  өзү дайындаса жакшы  болмок. Анткени университеттеги жамааттын  ич ара бөлүүнүсүнө бөгөт койулат эле  дейт.

Жогорку окуу жайдагы  жетекчилерди шайлоо системасы чет элдик университеттердин практикасында бар. Ал эми бул системаны бузуп шайлоо процессин башкача өткөрүү планда жок. Убакыттын өтүшү менен жогорку окуу жайлардагы ректорлорду шайлоо процесси өз нугуна келет  дешет билим берүү министрлиги.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118


Бегайым Абдыкадырова