Жаңылыктар
Ангела Меркелдин жеке жашоосундагы кызыктар
Кыргызстан жаңылыктары
Ангела Меркелдин жеке жашоосундагы кызыктар

Германиянын федералдык канцлери Ангела Меркель соңку 10 жылдан бери  дүйнөдөгү эн таасирдуу аялдардын алдынкы сабында  турат. Ааламдагы алдынкы айымдардын рейтингин түзгөн  « Forbes » журналынын  2016-жылдын  6-июндагы жыйынтыгы  боюнча  Ангела Меркель 11-жолу биринчиликти багындырыган. Ал  16 жылдан бери туруктуу  бийлик  башында турган   Европадагы  биринчи аял- саясатчы.  Эл аралык аренада   аброюу бийик Ангела  Маркелдин элге жакындыгы жана жөнөкөйлүгү дайыма  бааланып келет. Германия канцлери тууралуу кызыктуу фактыларга назар буруңуздар.

Ангела Меркель  1954-жылы Гамбургда мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган.  Атасы дин кызматкери, апасы англис жана латин тилдери боюнча мугалим болгон. Ал окуучу кезинде математиканы мыкты өздөштүрүп, орус тили боюнча улуттук олимпиадада  башкы орунду жеңип алып 14 жашында Москвага барган . Меркель орус , англис тилдеринде эркин сүйлөт.  

Ангела Меркелдин   телефону дайыма үнсүз режимде турат. Ал өзүнүн кызматкерлери менен   смс жазышып жана ар бир смсинин жообун алганды жакшы көрөт.

Ангела Меркель бала чагынан иттен аябай коркот. Анткени 95-жылы велосипед тээп келе жатканда кошунасынын аң улоого  чыкчуу ити  аны тиштеп алган. Меркель кайсыл өлкөгө барбасын ,кызматкерлери анын иттен корко тургандыгын эскертип турушат.

Мектептеги куракта болочок канцлер пионерлер катарына өтүп, университетте немис жаштарынын эркин уюмунун катарында агитация боюнча катчысы болгон.  Бала чактан  Америкага суктанганганын айткан   Меркель  Берлин дубалы кулагандан кийин жаш кездеги кыялын ишке ашырып, 90-жылы эмгек өргүүсүндө Калифорнияга барган.

Ангела Меркелдин кеңешчилеринин арасында аял кызматкерлер да болгону менен командасынын өзөгүн мырзалар түзөт. Ал эми аялдар министири болуп жаны шайланганда  Меркелди “Коля айым ” деп коюшчу.

Мурунку канцлерден айырмаланып Ангела Меркел канцлерге берилүүчү кызматтык турак-жайдан баш тарткан. Жубайы Иоахим Зауэр экөө Берлиндин борборунда жашаган менен квартираны акыга жалдашат.

Германия канцлери кесиби боюнча физик. Ал  эки жолу турмуш курган жана балдары жок. Студент кезиинде  Ульрих Меркелге турмушка чыгып аз өтпөй эле ажырашып кеткен  кайратуу айым  кийин   Иоахим Зауэрге  турмушка чыгат. Ал кванттык химия боюнча дүйнөгө атагы чыккан окумуштуу.   Бирок Ангела биринчи никедеги  Меркель аттуу фамилясын кийин которгон эмес.

Кандай гана кырдаал болбосун өзүн токтоо, салмактуу алып жүргөн Меркелдин  столунда “Сенин күчүн-токтоолугуңда” деген күмүш жазуу турат. Ангела Меркель  эмгек өрүүсүн тоодо  өткөргөндү жакшы көрөт, эс алууга кеткен чыгымды   өзү төлөйт. Меркелдин эч кандай яхтасы да, эс ала турган хан сарайы да жок. Көйнөк , юбканы аз кийген  Ангела Меркель  классикалык үлгүн жактырат.  Анын саясий таланттын жана эркин Германияда гана эмес дүйнө коомчулугу баалап келет.

Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118