Жаңылыктар
Индияда коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр марттын аягына чейин узартылды
Дүйнө
Индияда коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр марттын аягына чейин узартылды

Индияда коронавирустан улам киргизилген чектөөлөр 31-мартка чейин узартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди. 

Бийлик январь айындагы ковид инфекциясынын күч алганын эскертип, өлкөдөгү кызыл тилкелерди атап карантин киргизген. Буга чейин Ички иштер министрлиги бардык жарандар үчүн бассейндерди ачууга уруксат берип, кинотеатрларга жана театрларга келүүчүлөрдүн чектөөлөрүн алып салган. Ошондой эле социалдык, диний жана маданий иш-чаралардын бардык түрлөрүнө уруксат берилген. Алар буга чейин залдардын сыйымдуулугунун 50% менен чектеген. 

Белгилей кетсек, коронавирусту жуктуруп алгандардын саны боюнча Индия АКШдан кийинки орунда турат. Пандемия башталгандан тарта өлкөдө 11 миллиондон ашык адам жуктурган. Ал эми каза болгондордун саны 184 миңден ашкан. Муну менен АКШ жана Бразилиядан кийинки үчүнчү орунда жайгашкан.