Жаңылыктар
Россияда коронавирустун "британиялык" түрүн аныктоочу биринчи тест каттоого алынды
Дүйнө
Россияда коронавирустун "британиялык" түрүн аныктоочу биринчи тест каттоого алынды

Коронавирустун "британиялык" түрүн аныктоо үчүн дүйнөдөгү биринчи тест-система каттоого алынды. Роспотребнадзор мекемесинин окумуштуулары.

Жаңы жасалган тест-система бардык клиникалык сыноодон өткөрүлүп, Россияда колдонуу үчүн каттоого алынганын билдиришти. Ага ылайык, "АмплиСенс" SARS-CoV-2-UK-IT реагенттеринин топтому дал ошол коронавирустун мутация болгон штаммын аныктайт. Бул тууралуу "Популярная механика" басылмасы жазды. Мындан тышкары, ал коронавирустун жаңы штаммын так аныктай ала турганы айтылды. 

Маалым болгондой, коронавирустун мутацияланган штаммы вирустун өзүнө салыштырмалуу жеңилирээк өтөрүн билдирген. Жаңы штамм деле аба аркылуу жугат. Оорунун алдын алуу үчүн буга чейин айтылган эрежелер аткарылышы керек. Вирус жуктургандар обочо болгону шарт. Ошондой эле аралыкты сактоо, бет кап тагынуу, эмдөө жүргүзүү зарыл.