Жаңылыктар
Дональд Трамп президенттик шайлоого кайрадан бара тургандыгын билдирди
Дүйнө
Дональд Трамп президенттик шайлоого кайрадан бара тургандыгын билдирди

"Мен президенттик шайлоого кайрадан талапкер болом". Бул тууралуу АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Орландодо өткөн консервативдүү саясий аракеттер конференциясында сүйлөп жатып билдирди. 

Трамптын айтымында, азыркы америкалык лидер Джо Байден "администрациянын башчысы катары өзүнүн негизги милдети – АКШнын мыйзамдарын сактоону камсыздай алган жок". Республикачыл ушундан улам "демократтар орто мөөнөттөгү шайлоодо катуу жеңилүүгө дуушар болушат жана төрт жылдан кийин Ак үйдөн айрылышат" деп ишендирди. 

"Алар азыр эле Ак үйдү жоготуп алышты. Ким билет балким аларды үчүнчү жолу мен жеңермин", - деген ал. Бул Трамптын президенттик ордун өткөрүп бергенден кийинки биринчи жолу элге чыгып сүйлөгөн сөзү болду.