Жаңылыктар
Абдурахманхаджи Муртазалиевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери” наамы ыйгарылды
Спорт
Абдурахманхаджи Муртазалиевге “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери” наамы ыйгарылды

Жогорку даражадагы спортчуларды даярдагандыгы, спортчуларды тарбиялоо ишиндеги баа жетпес эмгеги жана спортту өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымы үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген машыктыруучусу” спорттук наамы таэквон-до ИТФ боюнча машыктыруучу Виталий Олейниченкого жана эркин күрөш боюнча машыктыруучу Нурлат Такировго ыйгарылды.

 Ошондой эле ири мелдештерде, Азия оюндарында, Дүйнө чемпионаттарында ийгиликтүү көрсөткүчтөрү үчүн “Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген спорт чебери” спорттук наамы джиу-джитсу боюнча спортчу Абдурахманхаджи Муртазалиевге ыйгарылды.

Белгилей кетсек, тиешелүү чечим “2021-2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын бирдиктүү спорттук классификациясынын” талаптарына ылайык кабыл алынды.