Жаңылыктар
КТРКнын Байкоочу кеңеши жумушчу комиссияларды түздү
УТРК жаңылыктары
КТРКнын Байкоочу кеңеши жумушчу комиссияларды түздү

КТРКнын Байкоочу кеңеши эфирден кеткен материалдардын сапатын текшерип чыгат. Мындай чечим кечээ өткөн кезектеги отурумда кабыл алынды. Анда байкоочу кеңеш бир нече коммисия түзүп, анын бири КТРКнын эфирине акыркы 3 айда кеткен көрсөтүүлөрдүн маани-маңызын карап чыкмай болду. 

Тамара Жаманбаева башында турган бул комиссиянын ишинин жыйынтыгы менен коомдук каналдын жетекчилигине сунуш пикирлер берилет. Мындан тышкары Байкоочу кеңеш каржылык чарба ишмердүүлүгүн да текшерүү үчүн жумушчу коммисия түзүп, анын жетекчиси болуп Сабыр Муканбетов шайланды.