Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапары
Саясат
Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапары

Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Казакстанга барды. Өлкө башчы алгач “Ак-Ордо” сарайында президент Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолугушуп, чакан жана кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анын жыйынтыгы менен бир катар келишимдерге кол коюлуп, алар тууралуу өлкө лидерлери биргелешкен билдирүүдө маалымат беришти. Мамлекеттик сапардын алкагында Садыр Жапаров Казакстандын туңгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен да жолугушуу өткөрдү. 

Мамлекеттик сапар менен келген өлкө башчысын Нур-Султан шаарынын эл аралык аэропортунан Казакстандын Вице-премьер-министри - тышкы иштер министри Мухтар Тулеберди, энергетика министри Нурлан Ногаев жана Нур-Султан шаарынын акими Алтай Кульгинов тосуп алышты. Абажайга эки өлкөнүн желектери илинип, килем төшөлүп, келген коноктун урматына ардактуу кароол аскерлери тизилген.

Мамлекеттик визит жасаган ардактуу коноктун сапары «Ак ордо» сарайында уланды. Ал жерден бир тууган өлкөнүн лидери тосуп алып, президенттер жылуу учурашты. Боордош өлкөлөрдүн гимндери жаңырды.

Президент Жапаровдун мамлекеттик сапарын тосуу үчүн казак аскерлери кас катар тизилип, дипломатиялык протоколдун жөрөлгөлөрү аткарылды. Белгилей кетсек, өлкө башчы өзүнүн алгачкы мамлекеттик сапарын Казакстан өлкөсүнөн баштап жатат. Эл аралык протоколго ылайык мамлекеттик сапар кызматташуунун эң жогорку деңгээли. Президенттер андан соң чакан курамда жолугушуу өткөрүштү.

Эки тараптуу жолугушуулар андан ары кеңейтилген форматтагы сүйлөшүүлөр менен жалгашты. Анда мамлекеттер ортосундагы эки жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле биргелешкен өз ара алаканын мындан аркы келечеги талкууланды. Касым-Жомарт Токаев Жапаровду Мамлекет башчысы кызматына шайланышы менен дагы бир жолу куттуктап өттү.