Жаңылыктар
Түбөлүктүү достукка негизделген алака
Кыргызстан жаңылыктары
Түбөлүктүү достукка негизделген алака

Кыргызстан менен Казакстан коңшу жайгашкан бир тууган мамлекеттер жана саясий багыттан өнөктөш өлкөлөр. Экономикалык тармакта эриш-аркак кызматташкан шериктештер. Биздин жалпы соода жүгүртүүнүн дээрлик бештен бир үлүшү Казакстанга туура келет. Эки мамлекет бир катар эл аралык уюмдарга да чогуу мүчө. 

Боордош мамлекеттер 1992-жылдын октябрь айында алгачкы дипломатиялык байланышты орнотушкан. Ошол күндөн ушул күнгө дейре коңшу жайгашкан эки өлкө бир туугандык алакада келе жатат. Акбар Рыскулов эки мамлекеттин ортосуна дипломатиялык чыйыр салган алгачкы элчилердин бири. Анын айтымында Кыргызстан биринчилерден болуп жаңы борбор Астанага, азыркы Нур-Султан шаарына өзүнүн дипломатиялык өкүлчүлүгүн ачкан.

Элчи акындын айтымында эки мамлекет токсон сегизинчи жылдын жазында түбөлүк достук тууралуу келишимге кол койгон. Жаңы кылымдын башында болсо, өлкөлөр союздаштык мамиле түзүүгө макулдашышкан. Андан башка да мамлекеттер аралык, өкмөттөр ортосунда, мекемелер ортосунда түзүлгөн жүз жыйырмага жакын келишимдер бар.