Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту
Саясат
Президент Садыр Жапаров Казакстандын Премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту

Соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, маданий-гуманитардык өз ара байланыштарды кеңейтүү жана күн тартибиндеги башка актуалдуу темалар боюнча пикир алмашты. Аскар Мамин боордош эки элдин ортосундагы достук байланыштарды чыңдоонун маанисин белгилеп, өлкөлөрдүн өз ара экономикалык пайдалуу кызматташтыгын тереңдетүүгө даяр экенин билдирди. 

Садыр Жапаров 2020-жылда коронавирус пандемиясы маалында Казакстан мамлекети бизге биринчилерден болуп кол сунуп, чоң колдоо көрсөтүп, эмгек мигранттарынын Мекенине кайтып келүүсүнө "жашыл коридорлорду" түзүп бергендиги үчүн Казакстандын Өкмөтүнө кыргыз элинин атынан ыраазычылыгын билдирди. 

Мамлекет башчысы Казакстандын жогорку жетекчилиги эки элдин ортосундагы биримдикти жана тыгыз карым-катнашты чыңдоого зор салым кошуп жаткандыгын белгиледи. Президент кыргыз тараптын Казакстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташууну кеңейтүүгө даярдыгын жана кызыкдар экенин билдирди.