Мамлекеттик каттоо кызматы 1-майдан тартып электрондук айдоочулук күбөлүк менен транспорттук каражаттарды каттоонун электрондук күбөлүгүн колдонууга киргизмекчи. Ошол эле учурда электрондук жалпы жарандык паспорттор менен электрондук ID-карталарды ишке киргизүү жагы каралууда.
Бул ишке ашса, жарандарга бир топ ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Анын жүзөгө ашырылышы өкмөттүн 100 күндүк биринчи кезектеги иш планына камтылды. Өкмөт жакынкы үч жарым айда экономикалык туруктуулукту камсыздоо, ишкерлер менен инвесторлорго байланыштуу маселелерди чечүү, аларга жагымдуу жана коопсуз шарттарды түзүү жана социалдык туруктуулукту сактоо багытындагы жумуштарды колго алат.