Ал эми 2022-жылы Кыргызстандын маданият күндөрү Казакстанда өтөт. Бул туурасында Президент Садыр Жапаровдун Казакстанга болгон мамлекеттик иш сапары учурунда белгилүү болду.
Куштун бир канаты кыргыз болсо, бир канаты казак болуп эки элдин маданий байланышы үзгүлтүккө учурабай уланып келүүдө. Өзгөчө жаш таланттарды тарбиялап өстүрүүдө жардамдарын бири-биринен эч аяшпайт.
Кыргыздын байлыгы болгон үч кыл комузду да казак эли терең баалайт. Пандемия шартына карабай чакыруу менен кыргыздын “Акак” комузчулар тобу Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракесине арналган чоң иш-чарага катышып келди. Күү чертүүнү эбине келтирип, казактын атактуу күүлөрүн чеберчилик менен ойноп боордош элдин купулуна арзыды.
Кыргыз-казак эстрадасындагы чыгармачылык байланыш да уламдан-улам тереңдеп келет. Жаш аткаруучулардын кызматташуусу, алардын элдерди жакындаштыруудагы ролу озгочо. Ал тургай айрым ырлар эки элдин кимисине таандык экени билинбей калган учурлар кездешет.