Жаңылыктар
Баш мыйзам агартуучулардын талкуусунда
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзам агартуучулардын талкуусунда

Конституциянын жаңы долбоору дагы бир жума коомдук талкууда турат. Ал арада жер-жерлерде баш мыйзамдагы өзгөрүүлөр жана жаңылануулар талкууланып, жалпы элге жеткиликтүү маалымат берүү маселеси да колго алынууда. Бүгүн агартуу тармагынын өкүлдөрү кеңешмеге чогулуп, билим берүү жана илим министрлигинде баарлашуу болду.

Агартуу тармагынын өкүлү, юридика илимдеринин доктору Канатбек Сманалиев баш мыйзамдын жаңы долбоорун талкуулаган Констициялык кеңешменин жыйынына 2 жарым ай бою тынбай катышты. Бул аралыкта тажрыйбалуу адистерден турган кеңешме жарандардан, саясий партиялардан жана коомдук уюмдардан келип түшкөн сунуш-пикирлердин баарын талдап чыгышты. Жаңы долбоордо жаңычылдыктар арбын.