Жаңылыктар
Өкмөт башчы Нарынга иш сапары менен барды
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчы Нарынга иш сапары менен барды

Бүгүн Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон жумушчу сапары башталды. Анын алкагында өкмөт башчы Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун курулуш иштери менен таанышат. Ошондой эле Нарын облустук ветеринардык дартты аныктоо борборуна жана Ак-Талаа районундагы "Мангел" айыл чарба кооперативине барат. 

Жээнбеков мындан тышкары, Тайлак Баатырдын 220-жылдыгын өткөрүүгө даярдык көрүүнүн алкагында Тайлак Баатырдын күмбөзүн калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышмакчы.