Жаңылыктар
Дзюдо боюнча уландар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү
Спорт
Дзюдо боюнча уландар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү

1-2-март күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда (Бишкек шаары)  дзюдо боюнча  уландар жана кыздар арасында Кыргыз Республикасынын чемпионаты болуп өттү.

Республика биринчилигине өлкөнүн 5 облусунан (Чүй, Ош, Нарын, Ысык-Көл, Талас) жана Ош, Бишкек шаарларынан келген 318 спортчу катышты. Мелдеш 16 салмак категорияда: 8 салмак категория (55, 60, 66, 73, 81,90, 100 кг жана 100 кг жогору) эркектер арасында жана 8  салмак категория (44, 48, 52, 57, 63, 70, 78 жана 78 кг жогору) кыздар  арасында өткөрүлдү.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундун ээлери диплом жана медалдар менен сыйланышты.