Кыргызстан менен Казакстан мындан ары санариптик кызматташууну бекемдейт. Бул багытта Президент Садыр Жапаровдун кошуна өлкөгө болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки тараптуу меморандумга кол коюлду. Азыркы тапта бир катар министрликтер менен мекемелер санариптик тармакта алаканы арттыруу боюнча долбоорлорду ишке ашырууда.