Жаңылыктар
Көмүскө каражаттарга каршы күрөш
Экономика
Көмүскө каражаттарга каршы күрөш

Мамлекеттик салык кызматы эсеп-кысапты онлайн режимде көрсөтө турган, кассалык көзөмөлдөөчү аппараттарды колдонууга киргизгени жатат. Бул туурасында салык кызматынын төрагасынын орун басары Октябрь Абдыкаимов билдирди. Анын айтымында онлайн көзөмөлдү орнотуу кызмат көрсөткөн тараптарга милдеттүү болот. 

Бирок көчөдөгү сатуучулар, металл сатып алгандар менен айнек идиштерди алуучулар жана жеке кызмат көрсөткөндөр көзөмөл-касса аппараттарын колдонбой койсо болот. Ал эми мекеме ишканалардан коммерциялык банктар менен сөөк коюп жана диний багыттагы кызмат көрсөткөн тараптар бошотулат. 

Белгилей кетсек бул система эсеп кысапты көмүскө жүргүзгөндөргө каршы күрөш катары ушул июль айында киргизиле баштайт. Жабдуунун наркы 170тен 350 долларга чейин.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118