Кыргызстанда эл аралык бренддер менен катар эле алардан кем калбаган, өзүбүздүн сапаттуу ата мекендик эн белгиси бар өндүрүмгө ээ ишкерликтин түрлөрү көп. Бирок аларды кантип жайылтуу же болбосо өзүлөрүнүн эн белгилерин башкаларга сатуу сыяктуу Франчайзинг түшүнүгү анча өнүгө элек. Даяр бизнести сатуу багытын түшүндүрүүгө арналган форум бүгүн алгачкы ирет Бишкекте уюшулду. Иш-чарада ишкерлер өздөрүнүн бизнес кызматтарын сунуштап, өлкө аймагында жана коңшу мамлекеттерде өнөктөштөрүн табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.