Жаңылыктар
Жасалма доллар сатып жүргөн жарандар кармалды
Кылмыш
Жасалма доллар сатып жүргөн жарандар кармалды

ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Аймактар аралык башкармалыгынын кызматкерлери Ош облусунан ири суммадагы жасалма АКШ долларын сатып жүргөн жаранды кармашты. 

Кылмышкерлер жасалма 1 миң долларды - чыныгы 350 долларга алмаштырууга аракет кылышкан. Сатып алуучу катары ыкчам кызматкерлер өздөрү барышкан. Ош облусунун Өзгөн районунда жасалма 17 миң 500 долларды накта 5 миң долларга сатып алууга аракет кылып жаткан учурунда ушул облустун 35 жаштагы тургуну кармалды. Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жасалма акча каражаттарын даярдоонун сапаты менен деңгээли өтө жогору жана болжолдуу маалымат боюнча жакынкы мамлекеттердин биринен алынып келинген. Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүүдө. Кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.