Жаңылыктар
Мамлекеттик тууну желбиреткен балбан кыз
Спорт
Мамлекеттик тууну желбиреткен балбан кыз

Киевде өткөн турнирде Кыргызстандын спорт чеберлери алгачкы күндөрдө эле бир топ ийгиликтерге жетишти. Алардын арасында Мээрим Жуманазарова да бар. Мамлекеттин туусун дүйнөлүк аренада желбиреткен балбан кыздын туугандары бул сапар Таластан күйөрмандык кылышты.

Дүйнө көз салган Киевдеги турнир. Анда намыс талашып, арбын мээнеттин акыбетине үмүт таштаган спорт чеберлери.

Мындайда жеңиш алган чебердин мамлекети да даңазаланып, бийикке мамлекеттик туу көтөрүлүп, гимн ойнолуп, ошол көз ирмемдер сөз менен айтып бүткүс сезим калтырат. Бутада намысты колго алган спорт чеберибиз турса, ага күйөрмандык кылган мекендештердин толкундоосу бир башка. Киевдеги турнирде алтын медаль уткан Мээрим Жуманазарованын миңдеген күйөрмандарынын бири - таятасы. Бакай-Атадагы Ак-Дөбө айылынын тургуну Боронбай Чолпонкулов небере жээни Мээримдин баардык мелдештерин калтырбай көрөт.

Токтоо, жеңсе да, жеңилсе да бир калыпта бир мүнөздө эч өзгөрүлбөй жүргөн небере жээни Мээрим Жуманазарованын Мамлекеттик туунун дүйнө көзүнө желбирешине салым кошуп жатканына каарманыбыз сыймыктанаарын айтат.

Мамлекеттин мамлекеттүүлүгүнүн бирден бир белгиси туу үчүн канчалаган кан төгүлбөгөн. Үзүрүн берген жай турмушта Мамлекеттик туубузду желбиреткен ийгиликтүү жаштарыбыз арбый берсин деген тилектерин айтып, аксакалдуу аталар бата кылышты.

Мамлекеттик тууну алдыдагы мелдештерде дагы желбиретүүгө даярдык көргөн жаштардын мууну дубанда өсүп жатканын байкоого болот.