Жаңылыктар
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн экономикасы быйыл кандай багытта өсүш алды?
Дүйнө
ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн экономикасы быйыл кандай багытта өсүш алды?

Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина Биримдикке кирген өлкөлөрдүн экономикасы быйыл кандай багытта өсүш алгандыгы тууралуу айтып берди. 

Анын билдиришинче, январь айында бардыгы эле кирешелүү боло алган жок. Пандемиянын кесепеттери таасирин тийгизип жатканын кошумчалаган Малкина - Беларустун Ички дүң продукциясы 1,3% гана өскөн. Бирок, биз экономиканын өсушү акырындык менен баштапкы калыбына кайтып келишин болжолдоп жатабыз, - дейт ал. Комиссиянын Макроэкономикалык саясат департаментинин маалыматы боюнча, 2021-жылдын биринчи жарымында Казакстанда жана Россияда ишкердик активдүүлүктүн кыймылга келгени байкалып, анын турукташуусу Беларусь менен Кыргызстанда күтүлүүдө. Арменияда ишкердүүлүк активдүүлүгүнүн деңгээли төмөндөшү күтүлүп жатат. 

Малкина ошондой эле жалпы ЕАЭБде товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн керектөө бааларынын өсүшү байкалганын, бул сан 0,7% жогорулагандыгын айтты. Мисалы, Кыргызстанда картошкага болгон баа январь айында, былтыркы жылдын декабрь айына салыштырмалуу дээрлик 1,5 эсе, ошондой эле жумуртка 11% га жогорулаган. Туздун баасы 0,1 пайызга төмөндөгөн. Брифинг учурунда Ия Малкина ЕАЭБдин алкагында темир жол байланышын калыбына келтирүү маселесине да токтолду.

“ЕАЭБ мамлекеттеринде башталган эмдөөгө карабастан, эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда. Учурда калктын 6% гана ковид-19га туруктуу иммунитетке ээ. Каттамдарды жаңылоо боюнча чечимдер эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен эки тараптуу келишимдердин негизинде кабыл алынат. Маселен, 8-февралдан тарта Россия менен Беларустун ортосунда темир жол байланышы калыбына келтирилген”,- деди ЕЭК Коллегиясынын төрагасынын жардамчысы Ия Малкина.