Жаңылыктар
Өкмөт башчынын Нарынга болгон иш сапары
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт башчынын Нарынга болгон иш сапары

Бүгүн Премьер-Министр Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Нарын облусунда болуп, Ак-Талаа жана Нарын райондорундагы аткарылган айрым жумуштардан кабар алды.

Пайдаланууга ушул жылдын аягында берилүүчү «Бишкек-Нарын-Торугарт» жолунун 359-чакырымы эң оор участкалардан. Анын кесепетинен мындагы курулуш дээрлик эки жылга созулуп, аны аркалаган кытайлык жана кувейттик жол куруучулардын мээнетинин көбү ушул жерге төгүлдү. Же ным көппү, же алды өтө борпоңбу, айтор, жаңы эле салынган жол чөгүп, түйшүк эки эсе көбөйгөн.

Ушундай чыгымга учураган жол маселесине премьер-министр кайрылып, кабар алды. Анын пикиринде, участка татаал же жеңил экенине карабай келишимде көрсөтүлгөндөр сапаттуу аткарылууга тийиш. Тилекке каршы, эл аралык маанидеги бул трассада чала бүткөрүлгөн жерлер арбын. Эгер күз айларында мамлекеттик комиссия аны кабыл албаса, башкы күнөөкөрлөр жол куруучулар болоору талашсыз.

Калыбына келтирүү жумуштары Ак-Талаа районунун «Куртка» айылындагы айтылуу Тайлак баатырдын күмбөзүндөгү реставрациялоо жумуштарына да жасалышы керек. 

Анткени өлкө президентинин жарлыгына ылайык, быйылкы тарых жана маданият жылынын алкагында 19-кылымда кыргыз жерин сырткы душмандардан коргогон бул тарыхый инсандын 220 жылдыгы белгиленмекчи. Ушул жайда маркумдарга куран окуткан Сооронбай Жээнбековдун айтымында, күмбөздү оңдоп-түзөөгө мамлекет казынасынан бир миллион 700 миң сом каралган. 

Эскерте кетсек, бул күмбөз уникалдуулугу жана курулушунун бышыктыгы менен көңүлдү өзүнө бурат. 1837-жылы тургузулган бул эстелик азыркыга дейре сынын бузбай сакталып тургандыгы археологдор үчүн да табышмак.

Анткен менен, бул тарыхый баалуулукту андан аркы сактоо жана коргоо айыл өкмөтүнүн жоопкерчилигинде болоору тынчсыздандырат. Себеби, анын казынасы атайын кызматты кармоого мүмкүнчүлүк бербейт. 

Ошондой эле өкмөт башчы бүгүнкү иш сапарында Ак-Талаа районундагы айыл чарба кооперативинин жана Нарын аймактык ветеринардык дартты аныктоо борборунун учурдагы аракеттерине күбө болду.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118