Жаңылыктар
Лейлек районундагы Тажикстанга көз карандысыз жолдун курулушу
Чек ара
Лейлек районундагы Тажикстанга көз карандысыз жолдун курулушу

Лейлек районунда Тажикстанга көз карандысыз Исфана- Сүлүктү-Кольцо-Кайрагач жолу курула баштады. Жалпы суммасы 1млрд. 200 млн. сомдук жолго кеткен чыгымдар Дүйнөлүк Банктын эсебинен каржыланууда. Лейлек району үчүн эле эмес, өлкө үчүн да өзгөчө мааниге ээ болгон аталган жол 2018-жылы пайдаланууга берилсе, лейлектиктер толугу менен Тажикстанга көз карандысыз жолдорго ээ болушат. 

Лейлек району Тажикстандын алты району менен чектешкен өзгөчө аймак. Ошондуктан жергиликтүү тургундар коңшу өлкө менен чектешкен Кулунду жана Арка өрөөндөрүнө каттоодо чек ара түйшүктөрүн көп тартып келишкен эле. Эми Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен узундугу 36 чакырымдык, көз карандысыз жолдун курулушу башталды.

Жол куруу иштери үч участокто жүрөт. Курулушту сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн 50дөн ашык оор техникалар менен кошо жүздөн ашык жумушчулар тынымсыз иштешүүдө. Көп жылдардан бери күткөн элдин тилегин ишке ашырууга белсенишкен кытайлык өнөктөштөрдө тыным жок.

Далай жолу жол азабын тартышкан жергиликтүү калк курулуш иштери башталгандан бери, көз карандысыз өз жолубузга ээ болот экенбиз дешип, биз менен кубанычтарын бөлүшүштү.

Учурда Кытайдын «Бей-Син» компаниясы жолдун эң оор участокторунда иш жүргүзүп жатышат. Жалпы суммасы 1 млрд.200 млн. сомдук бул жол 30 айдын аралыгында толук бүткөрүлсө, Лейлек районунун калкы коңшу турган Тажик Республикасына көз карандысыз жолго ээ болушат.

Элдик Репортер КТРК: кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз! WhatsApp +996551748118