Жаңылыктар
Апрелде окуучулар кадимки тартипте окуйт
Кыргызстан жаңылыктары
Апрелде окуучулар кадимки тартипте окуйт

Борбор калаада 1-апрелден тарта бардык класстын окуучулары мектепке барып окуй баштайт. Бул тууралуу Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кеңешмеде айтты. Новиковдун айтуусунда, 9-марттан тарта 2, 3, 4-класстын окуучулары офлайн режимге өтөрүн, апрелден тарта окуучулар толугу менен кадимки тартипте окуй баштайт. 

2021-жылдын 1-сентябрына чейин ата-энелерден бирдиктүү форма талап кылынбайт. Окуу процессин жандантууга тиешелүү даярдык көрүү Билим берүү жана илим министрлигине, жергиликтүү бийлик органдарына, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жүктөлөт. Мындан тышкары, "мектеп медицинасы" ишке кирип, ар бир окуучуга ден соолугунун абалын каттаган карта ачылат. Белгилей кетсек, ушу тапта 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары гана мектепке барып окуп жатышат.