Өлкө аймагына аткезчилик менен алынып келген, 12 тонна мандарин кармалды. Бул тууралуу Бажы кызматынан кабарлашты. Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табууга, ага бөгөт коюуга багытталган иш-чаралардын жүрүшүндө 3 факты аныкталган. “Баткен” бажысынын кызматкерлери тарабынан чет өлкөдөн келе жаткан бир катар унаалар текшерилип, 4 миң 100 кг, 3 миң 600 жана 4 миң 360 кг салмактагы мандарин табылган.
Кармалган товардын жалпы салмагы 12 тоннаны түздү. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча өткөрүлүп берилди.