Жаңылыктар
Түркия: аскердик төңкөрүштөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок
Дүйнө
Түркия: аскердик төңкөрүштөн жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Түркияда 16-июлга караган түнү бийликти басып алуу аракети болду. Андан 90 жакын адам каза болуп, алардын 20га жакыны полиция кызматкери экени айтылууда. Соңку маалыматка караганда, учурда бул окуяга тиешеси бар деп айыпталган1500ге жакын  аскер кызматкери кармалды. Аскердик төңкөрүштөн жабыркаганадардын арасында кыргызстандыктар жок экендигин Тышкы иштер минстрлиги билдирүүдө.

Түрк парламенти имараты талкаланагына карабастан бүгүн жыйынга чогулмай болууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, Анкарадагы парламент имаратынын жарымы жарактан чыккан.

Анкара менен Стамбулда бүгүн эртең менен бийликке каршылаштар менен колдогондордун ортосунда активдүү тирешүү болду. Учурдагы жагдайларга байланыштуу өлкөгө коменданттык саат киргизилди.