Жаңылыктар
Түркиядагы тик учак кырсыгынан кеминде 11 аскер кызматкери каза болду
Дүйнө
Түркиядагы тик учак кырсыгынан кеминде 11 аскер кызматкери каза болду

Түркиянын чыгышындагы Битлис провинциясында тик учак кулап, 11 аскер кызматкери көз жумуп, үчөө жаракат алды.

Түркиянын чыгышындагы Битлис провинциясында тик учак кулап, 11 аскер кызматкери көз жумду. Дагы үч жоокер жаракат алды.

Каза болгондордун арасында кургактыктагы сегиз аскер бөлүгүн башкарган генерал Осман Эрбаш да бар.

Болжолдуу маалыматтар боюнча кырсыкка аба ырайы же тик учактын техникалык жактан бузук экени себеп болгон болушу мүмкүн.

Аскер кызматкерлеринин каза болгонуна байланыштуу Түркияга НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг көңүл айтты.