Жаңылыктар
Бүгүн, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү
Маданият
Бүгүн, 8-март - Аялдардын эл аралык күнү

1908-жылы 8-мартта аялдардын социал-демократиялык уюму кыз-келиндердин укуктарын коргоо максатында чыгышкан. 

Ал эми 1910-жылы Копенгагенде болуп өткөн социалист аялдардын II эл аралык конференциясында Клара Цеткиндин демилгеси менен бул майрамга "эл аралык" деген макам берилген. 

Ошентип, 8-мартты бүткүл дүйнөлүк аялдардын экономикалык, социалдык жана саясий теңчилиги үчүн күрөштө эл аралык тилектештигинин күнү катары белгилөө кабыл алынат. 1911-жылдан баштап 8-март майрамын белгилөө Европа мамлекеттеринде жайыла баштаган. Бир топ өлкөлөр бул майрамга мамлекеттик майрам деген макам беришкен. 

1975-жылы 8-марттын эл аралык макамы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан да бекемделген. 8-март майрамынын башатында адегенде аялзатынын социалдык-экономикалык жана укуктук талаптары турган болсо, бул бара-бара аялзат турмушундагы ар кандай өзгөрүүлөр менен кошо өзгөрүп, жаңы түскө ээ болуп, азыркы учурда жалпы аялзатына урмат-сый тартуулай турган майрамга айланды.