Жаңылыктар
Көчмөндөр оюндарынын эн белгисине камтылган сырлар
Кыргызстан жаңылыктары
Көчмөндөр оюндарынын эн белгисине камтылган сырлар

Көчмөндөр оюндарынын негизги идеясы - улуту, расасы жана диний ишенимдерине карабай бардык адамдардын башын бириктирүү. Кыргызстандын брендине айланган оюндардын терең мааниси анын эмблемасында камтылган. Негизги логотип бардык роликтерде, баннерлерде, коомдук унааларда, белек-бечкектерде, кийим-кече жана спортсмендерге тагыла турган медалдарда чагылдырылган.

Эки жыл мурда Майрамкул Асаналиевдин жасаган жумушу - Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын эмблемасы катары бекитилген. Ошондой эле ал кыргызстандыктарга гана эмес, чет элдиктердин да көңүлүнө жаккан.
Эмблема ааламды туюндурган тегерекче катары түзүлүп, ичинде көчмөн турмуштун негизги символу болгон ат чагылдырылган. Ал эми аттын үстүндө күн баштуу адам.

Майрамкул Асаналиев Улуу-Чаттагы кыргыздардын чакыруусу менен Кытайда бир жылдай жүрүп келди. Ал жергиликтүү музейдеги Манас борборуна сүрөттөрдү тартып кооздогон. Жыйынтыгында Манас эпосундагы негизги сюжеттерди чагылдырган сурөттөрдүн жыйнагын чыгарган.

Демек эн белги - жөн гана Асаналиевдин ой өрүшү, кыялдануусунун гана жыйынтыгы эмес. Кыргыз элинин фольклорун жана салт-санаасын ыйык туткан терең көрөңгөнүн натыйжасында жаралган ыйык таберик. Сүрөтчү Алик Амантаев өзүнүн кесиптешинин идеяларын кеңири жайылтууда. Мисалы ал көчмөндөр оюнунун логотибин кийизге, кайышка түшүрүп түрдүү куржундарды, сувенирлерди жана медалдарды жасап жатат.

Кыскасы эн белги маданий - спорттук иш чаранын негизги максатын ишке ашырат. Тактап айтканда жалпы адамзатты, улутуна, динине, расасына жана башка өзгөчөлүктөрүнө карап бөлбөстөн, бийик моралдык жана нравалык принциптердин негизинде - биригүүгө жана тилектештикке чакырат.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118