Жаңылыктар
Кароосуз калган Улуттук көргөзмө борборунун учурдагы абалы
Кыргызстан жаңылыктары
Кароосуз калган Улуттук көргөзмө борборунун учурдагы абалы

Бир кезде мамлекеттин менчиги болгон мурдагы ВДНХнын паркын, анын ичиндеги өзгөчө обьектилерди, андан тышкары республикалык көргөзмө борборунун имаратын, Кореялык инвесторлор ижарага алып 20 жылдан бери колдонуп келет. Бирок бир дагы жолу оңдоо иштерин жасабагандыктан, ал имараттар бүгүнкү күндө авариялык абалга жетип, урап калуу коркунучунда турат. Тээ совет жылдары ар бир мейманды кучак жайып тосу алчу улуттук көргөзмө борборуна азыр барсаң, тарсылдап үргөн жоон топ иттер тосуп алат. "Экспоборбордун" имаратынын көрүнгөн жери тешилип, чатырынан суу өтүп, авариялык абалга келген. Ал эми келишимге ылайык, ижарага алган компания борборду оңдоп-түзөп, керек болсо көркүнө көрк кошуп пайдаланышы керек эле.

Кезегинде Кыргызстандыктарды гана эмес, чет элден келген конокторду да суктанткан бул имаратты учурда кара кулпу кайтарып турат. Бу имаратты 94 жылга ижарага алган кореялык компания тарабынан эч кандай иштер жүргөн эмес. Бул тууралуу бир канча жылдан бери массалык маалымат каражаттары бир нече жолу жазып, айтып келишет, бирок ушул күнгө чейин эч кандай жыйынтык чыга элек.

Ижарага алган 20 жылдан ичинде кореялык компания эч кимден сурабастан эле мындагы төрт имаратты жана 15 гектар тал теректи жок кылышкан. Экотехинспекциянын өкүлдөрү билдиргендей, муну менен алар мамлекетке жана экологияга чоң зыян алып келишти.
Өзүн кореялык компаниянын курулуш иштери боюнча менеджери Аким Исмаиловмун деп тааныштырган бул жаран, аймакта болгон иштердин баардыгын мыйзамдуу жүрүп жатат деп белгилейт. Айтымында ижарага алынган жерге 200 дөй бак дарак тигилген. Ал эми экспоборбордун имаратынын каралбай калганын ал, акыркы жылдары бүтпөй уланып келаткан сот иштери менен байланыштырат.

Бүткүл союздук эл чарба жетишкендиктеринин көргөзмөсү жайгашкан жер тилкесин алгандан кийин кореялык инвестор келишим боюнча көңүл ачуучу, маданий жана спорттук курулуштарды курууга милдеттендирилген болчу. Бирок балдардын “Фламинго” эс алуу жайынан жана жеке менчик банктын имаратынан башка бул жерде 20 жылдан бери эч нерсе курулган эмес. Бул ирээт маселени көтөрүп чыккан экотехинспекция өкүлдөрү бул маселенин аягына чекит коюп, ал жердеги аткарылган иштердин ак карасын иликтеп, териштирип чыкканга бел байлашууда.


Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118