Жаңылыктар
Орусиялыктар кышкы эс алууну Кыргызстанда өткөрүүнү эп көрө баштады
Туризм
Орусиялыктар  кышкы эс алууну  Кыргызстанда өткөрүүнү эп көрө баштады

Орусиялыктар  кышкы каникулду Араб Эмираттарында эмес, Кыргызстанда өткөрүүнү эп көрө баштады. Бул тууралуу  El.ru агенттиги билдирүүдө.  Маалыматка ылайык, Кыргызстанда Орусия менен Казактандан келип жаткан туристердин саны көп болууда. Ал арада өлкөдөгү  айрым лыжа базалар КМШ мамлекеттериндеги  эң мыкты тоо лыжа курортторунун катарын толуктоодо.

Маселен Каракол лыжа базасы КМШ өлкөлөрүндөгү эң мыкты 5 тоо лыжа курортторунун бири болууга жетишти. Мындай бүтүмгө эл аралык "Форд" журналы келген. Себеби бул лыжа база соңку 3 жылдан бери дүйнөдөгү арзан жана мыкты делген курорттордун катарын толуктап келет. Бул көрүнүш келерки жылдарга кышкы туризмдин пайдубалы түптөлүп жактанан кабар берерин тармактын адистери боолгошууда. Каракол лыжа базасы тышкары өлкөдө дагы 22 тоо лыжа базасы бар. Алар дагы жергиликтүүлөр менен катар эле чет элдик конокторду тынымсыз кабыл алууда. Кышкы эс алуу жайларынын биринин адмнистратору Евгения Сидинанын айтымында, чет жактан келгендердин арасында туруктуу кардарга айлангандары дагы жок эмес.

Быйыл кышкы туристтик мезгил ийгиликтүү болоору болжонуп келет. Туризм департаментинин эсептөөлөрү боюнча азыр туристтердин саны адаттагыдан 10% көп. Көбүнчө эс алуучулардын өзөгүн Орусия жана Казактандан келгендер түзүүдө. Аздыр-көптүр алыскы өлкөлөрдөн келгендер дагы болот. Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, соңку кезде кышкы жана этно туризмге Европа мамлекеттеринен дагы  кызыгуулар артууда.

Ал арада туристтик операторлор быйыл туристтердин агымы мындан дагы көп болмок-деген ойду карманышат. Алардын баамында дүйнөдө орун алган каатчылык таасирин тийгизүүдө. Ошол эле маалда айрыкча капчыктуу туристтерди кабыл алууда кызмат көрсөтүү жагы аксап келери айтылып жүрөт.

Соңку кезде өкмөт жана туристтик бизнестин өкүлдөрү дагы Кыргызстанда кышкы туризмге көңүл бурууга аракет кылганы менен маселе каражатка такалууда. Каржылык кыйынчылыктарга жана чыгашаларга карабай кышкы туризмди өлкөдө эң мыкты денгээлде өнүктурүүгө Кыргызстандын жаратылыш шарт түзүүдө. Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкуловдун айтымында, туристерди тартуу боюнча атайын документ иштелип чыгууда.

Эске салсак, Кыргызстан буга чейин туристтерди өзүнө тарткан өлкө катары дагы тааныла алган. Өлкө  – Улуу жибек жолунун боюнда жайгашып, адам суктанаарлык кооз жаратылышы, асман тиреген тоолору, керемет Ысык-Көлү туризм тармагынын келечеги  өлкө экономикасынын бирден бир кирешелүү тармагына айланышына негиз бар. Бирок, ал үчүн дүйнөлүк стандартка жооп бере турган инфраструктуранын деңгээлин камсыз кылуу зарыл-дешет адистер.